Жаңы жылга караган түнү  261 ымыркай төрөлдү

Жаңы жылга караган түнү  261 ымыркай төрөлдү

1-январга караган түнү Кыргызстандын аймагында 261 ымыркай төрөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, алардын 133ү уул, 128и кыз.

Алгачкылардан болуп Сузак райондук төрөт үйүндө салмагы 3780 грамм болгон кыз бала жарык дүйнөгө келген. Андан соң Кара-Суу районунда салмагы 3290 грамм болгон уул төрөлгөн.

Бишкек шаарында Жаңы жылдын алгачкы түнүндө 68 ымыркай төрөлгөн. Алардын 34ү кыз 34ү уул. Арасында эгиздер бар.

Министрлик кабарлагандай, өлкө боюнча үч эгиз төрөлдү. Алар Бишкектеги Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордо, Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда жарык дүйнөгө келишти.

Жаңы жылга караган түнү өлкө боюнча эң көп наристе Жалал-Абад облусунда жарык дүйнөгө келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>