Site icon Reporter.kg

Тоолордо жаан карга айланат: 23-майга карата аба ырайы

Кыргызстандын аймагында 22-23-май күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт, деп билдирет Кыргызгидромет. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болуп, мөндүр, катуу шамал менен коштолот. Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

22-майда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо жаан карга айланат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Айрым аймактарда шамалдын күчү секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 15…20,

Талас облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 13…18,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 18…23,

Нарын облусунун дыйканчылык зоналарында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 17…19 градус жылуу болот.

Exit mobile version