Site icon Reporter.kg

Жабылып жаткан меджайлар: Чет элдик студенттер эмне кылышат?

Кыргызстанда жабылып жаткан медициналык окуу жайда окуган чет элдик студенттер эмне кылышат? Саламаттыктык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул суроого Биринчи радиодо жооп берди.

Жабылып жаткан медициналык жайлардын студенттери арыз жазуу менен эл аралык каттоодон өткөн, лицензиясы бар толук кандуу бул тармакта билим бере турган мекемелерден окушат. Чет элдик студенттер эч жакка кетишпейт, ушул жактан окушат.   Мен 3 мамлекеттик жана жеке менчик медициналык окуу жайдын ректорлору менен сүйлөштүм. Атайын механизмдерин таап атабыз. 1-сентябрда эле тиги окуу жайдан башка окуу жайга которулушат. Алар абдан сүйүнүп жатышат”— деди министр.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17 медициналык окуу жай жабылаарын билдирген болчу.

Exit mobile version