Жайнак Үсөн уулу КТРКнын жетекчилигинен мыйзамсыз алышкан деп сотко кайрылды

Жайнак Үсөн уулу КТРКнын жетекчилигинен мыйзамсыз алышкан деп сотко кайрылды

КТРКнын башкы директору кызматына сынак токтотулду. Бул тууралуу “Репортерго” КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев билдирди.

Анын айтымында, экс-директор Жайнак Үсөн уулу кызматын калыбына келтирүү арызы менен сотко кайрылгандыктан сынак белгисиз мөөнөткө чейин токтотулган.

“Жайнак Үсөн уулу мени иштен мыйзамсыз алып койду деп, аны КТРКнын жетекечилигине кайра бекитүү тууралуу арыз менен сотко кайрылган. Буга байланыштуу кечээ, 23-ноябрда бизге сынакты токтотуу тууралуу аныктама келип, белгисиз мөөнөткө токтотулду”, — деди Болгонбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин КТРКнын Байкоочу кеңеши телеканалдын башкы директорлугуна ачык сынак жарыялаган. Жалпысынан сынакка катышууга 15 талапкер арыз тапшырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>