Site icon Reporter.kg

Көкөмерен дарыясына жүргүнчүлөрү менен түшүп кеткен унаа изделүүдө

Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен унаа изделүүдө. ӨКМдин маалымат кызматынан билдиргендей, кырсык тууралуу маалымат 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында түшкөн.

“Жоголгон унааны издөөгө бүгүн ӨКМден 97 куткаруучу тартылды. Мындан башка 20 жергиликтүү тургун издеп жатат.  Ал эми унаанын ичинде канча адам болгону ИИМ тарабынан такталууда”, — деди  ӨКМден.

Ал эми Turmush.kg сайты Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси  үй-бүлөсү менен 30-июнь күнү  Суусамырга, Кожомкул балбандын 130 жылдыгына кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын жазып чыккан.

Exit mobile version