Site icon Reporter.kg

Жайында Ташкенттен Ысык-Көлгө автобустар каттайт

Жай айларында Ташкенттен Ысык-Көлгө автобустар каттайт. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Эс алуучуларды 10-июндан тарта Uzautotrans Service ишканасынын автобустары ташый баштайт. Каттамдар Yutong автобустары менен жүргүзүлөт. Ал эки күндө бир каттайт.

Автобус жүргүнчүлөрдү Ташкенттеги унаа бекетинен алып, Чолпон-Ата шаарына чейин жеткирет. Билеттин баасы 2,1 миң сом деп белгиленген.

Exit mobile version