Site icon Reporter.kg

Жактоочу Икрамидин Айткуловго карата тергөө аяктады

Жактоочу Икрамидин Айткуловго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, учурда шектүү Икрамидин Айткулов жана анын жактоочусу кылмыш иштин материалдары менен таанышып жатышат.

Жакынкы күндөрү иш шаардык прокуратурага, андан кийин сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, Икрамидин Айткулов ушул жылдын 22-августтунда бир жыл мурун Н.Д. аттуу жарандан 5,5 миң доллар алып, бербей койгон деп, алдамчылыкка айыпталып кармалган.

Ал кармалганга чейин Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болуп турган.

Exit mobile version