Жактоочу: Милиция дагы эле шалаакылык кылып, Айзаданын өлүмүн иликтебей жатат

Жактоочу: Милиция дагы эле шалаакылык кылып, Айзаданын өлүмүн иликтебей жатат

Уурдалып барып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча жактоочу  Нурбек Токтакунов милиция кызматкерлери дагы эле шалаакылык кылып жатканын айтты.

Анын айтымында, учурда Айзаданын өлтүрүлүшү боюнча эки иш бар: бирөөсү киши өлтүрүүгө түздөн-түз байланыштуу, экинчиси, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан каралып жаткан милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча.

«Сөөк табылгандан бери беш күн өттү. Тергөөчү ушул күнгө чейин Айзаданын апасын жабырлануучу катары каттабаптыр жана иш боюнча сураган да эмес. Биз тергөө органдары менен өз ара аракеттенүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз, мыйзамга ылайык, алардын алдына суроолорду беребиз. Эгерде жабырлануучу тарап менен өз ара мамилелер болбосо, анда биз алардын абалы жөнүндө коомчулукка маалымдайбыз. Үч күндөн бери адам өлтүрүү иши боюнча, милициянын шалаакылык иши боюнча да тергөөчүлөр менен байланышууга аракет кылып жатабыз», — деди Токтакунов.

Ошондой эле жактоочу тергөө иш-аракеттерине байланыштуу шек саноолор жөнүндө айтты.

«Бул эмне үчүн маанилүү? Шектүүлөрдү камакка алуу иштери башталгандыктан, экспертизалар дайындалып жатат жана жабырлануучулар айыптоолордун маңызы, экспертизаларды дайындоо жөнүндө билүүгө, алар өтүнүч билдирүүгө, айрым тергөө иш-аракеттерине катышууга укуктуу. Кармалгандарга карата бизде күмөн саноолор бар жана тергөөчүнүн жабырлануучулардын укуктарын билбестиги бул күмөндөрдү жоё албайт», — деп белгилейт ал.

Жактоочунун айтымында, милиция окуя болгон жерге эмес, Айзаданын апасынын айылына барып, коңшуларынан кыздын жүрүм-туруму тууралуу сурап жүрүшөт. Туугандарын чакырып алып, милициянын шалаакылыгы тууралуу ооз ачпоого үндөп жатышат. Иш боюнча алар эмне менен алек болуп жатышканы белгисиз.

«Мындан тышкары, алар милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы жөнүндө унчукпай турушубуз үчүн, кыздын туугандарын сүйлөшүүгө чакырып, ар кандай компромисстерди сунушташууда. Ошондуктан, мен бул жерден адам өлтүрүү ишин жана ИИМдин шалаакылык ишин козгогон тергөөчүлөргө кайрылам. Келгиле, Кодекс боюнча иштейли. Кылмыш-процессуалдык процесси, жабырлануучулардын укугун жана жактоочу катары менин укугумду урматтаңыз, келгиле, өз ара урматтоонун үстүндө иштейли», — деп сөзүн жыйынтыктады Токтакунов.

Белгилей кетсек, 5-апрелде алгач интернетке кызды ала качып кетип жатышкан тасма жарыяланган.

7-апрелде кыздын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси автоунаадан табылган.

Милициянын маалыматы боюнча, кызды уурдап барып өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаев Орусияда каракчылык үчүн 6 жыл абакка кесилип жаза мөөнөтүн өтөп келген.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалды.

Милициянын шалаакылыгы боюнча Бишкек ШИИББинин 12 кызматкери иштен алынып, 44ү тартип жазага тартылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>