Жакын арада Дубай жана Екатеринбургдан Кыргызстандын жарандары алып келинет

Жакын арада Дубай жана Екатеринбургдан Кыргызстандын жарандары алып келинет

Чет жактагы Кыргызстандын жарандарын кайтып келүүсү боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө? Бул тууралуу штабдан маалымат беришти.

Кыргызстандын жарандарынын чет мамлекеттерден кайтып келүүсү боюнча иштердин алкагында КРдин чет өлкөлүк мекемелери тарабынан жарандардын аты-жөнү жазылган тизмеси түзүлөт.

«Алардын мекенине кайтып келүү жолдору менен маршруттары изделет. Биздин жарандарды алып келүү үчүн коммерциялык чартердик каттамдар уюштурулуп, 25-мартта жана 17-апрелде Түркиядан 410 жаран, ал эми 22-апрелде 177 жаран Новосибирск шаарынан кайтып келди. Алдыда 26-апрелге, 3-майга жана 10-майга Дубайдан (БАЭ) чартердик каттамдар уюштурулары пландалууда. Ал эми 28-апрелге Екатеринбургдан чартердик каттам уюштурулары пландалды. Бул багыттагы чоң иштер өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз өз ара аракеттешилип жатат. Мисалы, казакстандык тараптын колдоосу менен Кыргызстандын 325 жараны Индия, Египет, Таиланд, Малайзия, Шри-Ланка, Въетнам сыяктуу өлкөлөрдөн казакстандык авиациялык жол менен жерде жүрүүчү атайын транспорт аркылуу Казакстандын аймагына алынып келинип, Бишкекке саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин коштоосунда келишкен«,- деп маалымдалды.

Бул багыттагы иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда алыскы өлкөлөрдөгү кыргызстандык жарандарды Казакстандын аймагы аркылуу кайтарып алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>