Жакында Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин иши боюнча өкүм чыгат. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонд билдирди.
Бүгүн, 17-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кезектеги процесс өтүп, анда Карабаев суралган. Жоомарт Карабаев ага айып тагылып жаткандай массалык башаламандыктарга катышпаганын, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасабаганын айткан. Ал өзүнүн иш-аракеттери мыйзамдуу болгонун, анын күнөөсүн тастыктаган далилдер жок экенин белгилеген. Сөз аягында ал соттон актоо чечимин чыгарууну суранган.
Карабаевдин иши боюнча кийинки соттук отурум 1-апрелге саат 11:00го жана 4-апрелге саат 15:30га дайындалды. 1-апрелде тараптар жарыш сөзгө өтөт, ал эми 4-апрелде сот өкүм чыгарат.
Эскерте кетсек, 2024-жылы 2-июлда УКМК Жоомарт Карабаевди суракка чакырып, андан кийин кармаган. Атайын кызмат ага «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Кармалганга чейин Карабаев социалдык тармактар аркылуу УКМК жана Илимдер академиясынын ишин сынга алып жүргөн. Ал Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жазарын айтып келген. Аны менен бирге экспертизаны тиешелүү сертификаты жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.
УКМК айтылган сындар боюнча үн каткан эмес. Ошондой эле Жоомарт Карабаевге козголгон иш боюнча маалымат бере элек.
Кыргызстанда буга чейин да соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган жарандар болгон. Аларга көбүнчө «массалык башаламандыктарга чакырыктар» же «бийликти басып алууга чакырыктар» беренеси менен иш козголгон. Бул иштер боюнча далил катары экспертизалардын корутундусу колдонулган.
Сентябрда Карабаев тергөө учурунда ага күч колдонулганын Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине билдирген.
8-октябрда анын иши сотто карала баштаган. 31-октябрда Карабаев эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошотулган.