Site icon Reporter.kg

Жакынкы Чыгыштагы абалга байланыштуу НАТО чукул жыйынга чогулат

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 6-январь күнү уюмдун чукул жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу «Интерфакс» жазды.

Маалым болгондой, күн тартипте карала турган негизги маселе Жакынкы Чыгыштагы жагдай болмокчу. Анда уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү Иран генералы Касем Сулейманинин өлүмүнөн кийинки Иракта болуп жаткан азыркы жагдайды талкуулашмакчы.

Жыйын Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы “Кудс” бөлүгүнүн командири генерал Касем Сүлеймани 3-январда  Багдад эл аралык аэропортунда АКШ тарабынан жасалган аба соккудан каза болгон.

Иран бийлиги Сүлейманинин өлтүрүлүшү боюнча АКШга жооп кайтарыла турганын бир нече жолу эскертти.

Бул окуядан кийин Ирак парламенти чет өлкөлүк аскерлердин барын өлкөдөн чыгарууну колдогон резолюция кабыл алды.

Exit mobile version