Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад: 16 млн сомго 25 автобус сатып алынат

Жалал-Абад шаарына жүргүнчү ташуучу жаңы 25 автобус сатып алынат. Бул тууралуу “Акчабарга” Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазасынын жетекчиси Искендер Мейманкулов билдирди.

Маалым болгондой, транспортторду алуу үчүн Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондуна долбоор жазылган. Анын алкагында, эки этап менен 25 автобус сатып алуу пландалган.

«Бизде жалпы он беш автобус бар. Азыр алардын ичинен сегизи каттамга чыгат. Автопаркты жаңылоо максатында облустук өнүктүрүү фондуна 16 млн сомдук долбоор жазганбыз. Каражаттын 30%ын жергиликтүү бийлик бөлүп бериши керек. Ал 4 млн 800 миң сом болот. Жакынкы күндөрдө биринчи этап менен беш автобус келет”, — деди Мейманкулов.

Белгилей кетсек, Жалал-Абаддагы муниципалдык автобазанын автобустары дээрлик он жылдан бери жаңылана элек.

Exit mobile version