Жалал-Абад аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-декабрда саат 09:30 чамасында Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жер титирөө Аксы районунун Райкөмөл, Кечүү айылдарында 3 балл, Ит-Сай, Кызыл-Бел, Ак-Жол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>