Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад: Ала-Бука – Жаңы -Базар – Кировка унаа жолу жабылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука – Жаңы -Базар – Кировка жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолдорунда кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу чектөө кирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, аталган унаа жолдоруна кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу 2-февралда саат 20:00дөн тартып 3-февралдын эртең мененки саат 8:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Болжол менен 18:42де аталган унаа жолунун 88-89 жана 96-97-чакырымында көлөмү 840 м3 кар көчкүсү түшүп, каттамды эки тараптуу жаап калган. Жерине 27- жол тейлөө ишканасынын техникасы тартылып, жол тазаланууда.

Учурда Чаткал райондук РМА башчысынын буйругу менен унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version