Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад: Береке базарынан өрт чыкты

Жалал-Абад шаарындагы Береке базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу 17-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган базардын ичинде аянты 72 кв.м. болгон тунуке менен жабылган азык-түлүк сатуучу дүкөн контейнер толугу менен күйдү.

«Өрттүн себеби электр зымдарынан кыска туташуусунан чыкты. Ал эми өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган. Өрт саат 12:37 курчоого алынып, саат 13:08 толук өчүрүлдү»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version