Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад: Бийлик үч эмге үй берди

Жалал-Абад шаарында  март айында төрөлгөн үч эмдин апасына шаар казынасынан батир сатып берилди.  Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үч эмден тышкары бир уулу жана бир кызы бар. Беш баланы жалгыз чоңойтуп жаткан Гүлнара Бүркүтованын үй маселеси жергиликтүү кеңеште каралып, шаардык бюджеттен 1 млн 824 миң сом бөлүнгөн.

Тендер аркылуу “Спутник” кичи шаарчасынан эки бөлмөлүү, бардык шарты бар батир алынган.

Күйөөсү менен ажырашып кеткен.  38 жаштагы Гүлнара Бүркүтова бир бөлмөлүү жер тамда ижарада жашачу.

«Жаш балдар менен көчүп жашаган кыйын экен. Үч эмге тийген жөлөкпулду батир үчүн төлөсөк, калганын өзүбүз тамак-ашка колдончубуз. Азыр эми өз үйүң болсо, башкача сезим болот экен”, — дейт Бүркүтова.

Үч эм – Аделина, Адилет жана Аделя быйыл 31-мартта төрөлгөн. Гүлнара Бүркүтовага шаар башчысы Эрнисбек Ормоков жолугуп, батир алып берүүгө аракет жасарын айткан.

Exit mobile version