Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад гана өнүгүп жатабы? Президент бул боюнча оюн айтты (видео)

Кыргызстандын бардык аймактарында жолдор оңдолуп, ГЭСтер курулуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Сузак районундагы ГЭСтин ачылышында билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү тургун Жалал-Абадда алгылыктуу иштер жүрүп жатканын, бирок ал боюнча айтуудан тартынып калганын белгиледи.

«Теледен көрсөтсө «Жалал-Абадка эле тартып жатат» деп айтышат экен. Сизге элдин 90 пайызы ишенет», — дейт ал.

Өлкө башчысы андай сөздү чагымчылдык катары баалады.

«Аны атайлап кычып, элди экиге бөлгүсү келген адамдар айтат. Мына Таласта, Токмокто жана Кара-Балта дагы Жалал-Абаддагыдай эле иштер, курулуштар башталды. Нарында бүттү. Эмнеге бул боюнча айтышпайт», — деди Садыр Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version