Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад: Красная Горка — Ак-Таш унаа жолу ачылды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырым аралыктарында түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында №27 ЖТИден 1 жүктөгүч жана Чаткал айыл аймагынын 1 жүктөгүчү тартылып, аталган унаа жол бүгүн саат 16:30да тазаланып, эки тараптуу ачылды.

8-январь күнү саат 12:30 чамасында Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырым аралыктарында 7725 м3 кар көчкү түшүп, каттам эки тараптуу жабылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version