Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад: Кылмыштуу топтун ана башчысы кармалды

38 жаштагы Д.У. кармалып, Жалал-Абад облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал ар кандай кылмыштуу топторду түзүп, ар кандай кылмыштарды кылып жүрүшкөн.

Мурда бир нече жолу ар түрдүү кылмыштарды жасап соттолуп чыккан.

Жазык кодексинин 248-беренесинин (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) негизинде ачылган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча издөөдө жүргөн.

Exit mobile version