Site icon Reporter.kg

 Жалал-Абад: Мэрия таштанды ташый турган унаа алды

«Жалал-Абад Тазалык» кызматы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7,4 млн сомго бир даана таштанды жыйноочу жаңы автоунаа сатып алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы унаанын ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Максатбек Жусупбеков баштаган жетекчилер мекемеге тапшырды.

Шаар мэри жаңы унаа тазалык кызматкерлеринин жумушун бир топ жеңилдетээрин белгиледи.

Exit mobile version