Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад милициясы балдар үйүнө колдоо көрсөттү

3-декабрь —  Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу милиция

Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык жатак үйүнөн облустук милиция кабар алды. Бул туурасында аталган органдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаардык милициянын жетекчиси  Алмазбек Кубатбеков балдар үйүнө акчалай колдоо көрсөтүп, мындан ары да камкордукка алынып тураарын белгиледи. Ошондой эле реабилитациялоо борборунун абалы менен да таанышып чыгышты. Мындан тышкары  балдардын чакан концерттик программасына күбө болушту.

Белгилей кетсек Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан бул жайга жыл сайын ар түрдүү жардамдар берилип келет.

3-декабрь —  Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү.

Exit mobile version