Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад милициясынын Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилери коррупцияга шектелип кармалышты

УКМК Жалал-Абад облустук милициясынын Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилиги жарандардан акча чогултууларды уюштургандыгы үчүн кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Кайгуул-күзөт кызматынын командири милициянын полковниги «Ж.А.А.» кол алдындагыларды коомдук тартипти бузган жарандардан, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузгандыктары үчүн автотранспорт каражаттарынын айдоочуларынан системалуу түрдө акча чогултууга мажбурлаганы аныкталган.

«Ошол эле учурда «Ж.А.А.» “кызматыңардан алынасыңар” — деп коркутуп, взводдун командирлерин ага жума сайын 20-30 миң сомдук акча каражаттарын берип турууга мажбурлаган. Ал эми взводдун командирлери өз кезегинде кол алдындагыларды элден акча чогултууга мажбурлашкан»,- деп билдирди атайын кызмат.

Аталган факт боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында 23-июнь күнү аталган Кайгуул-күзөт кызматынын командири, милициянын полковниги «Ж.А.А.», Кайгуул-күзөт кызматынын взводунун командирлери: милициянын ага лейтенанты «М.К.Т», милициянын кенже лейтенанты «К.Т.А.», жана милициянын прапорщиги «А.А.Р.» кармалышкан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version