Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 22-октябрь саат 07:21де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Сейсмологиялык институттун маалыматына ылайык, жер титирөө Бостон, Бешик-Жон, Карача айылдарында 2,5 балл, Базар-Коргон айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>