Жалал-Абад облусунун аймагында 17-май күнү саат 12:57де очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү Токтогул районунун Кетмен-Төбө, Үч-Терек айылдарында 3 балл, Токтогул шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.