Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад облусунда жер титиреди

22-октябрь күнү саат 11:49да Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды.  Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында 2,5 балл жана Кара-Чолок, Багыш, Михайловка айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Exit mobile version