Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:53тө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Канжыга, Калмак – Кырчын айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Exit mobile version