Жалал-Абад облусунда жол кырсыктарын алдын алуу үчүн рейд өтүүдө

Жалал-Абад облусунда жол кырсыктарын алдын алуу үчүн рейд өтүүдө

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмү  «Коомдук транспорт» аталышындагы рейд өткөрүлүп жатканын кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган рейдтин алкагында облустук жана республикалык деңгээлдеги жолдордо айдоочуларга эл ташыган каттамдарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Анын жүрүшүндө  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн техникалык тобунун ага тескөөчүсү Т. Ахматов тарабынан  Бишкек шаарына жүргүнчү ташыган  автоунаалардын, микроавтобустардын айдоочуларына жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча да түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары жол инспекторлору жалпы эле айдоочуларды жол эрежелерин так сактап жүрүүгө, белгиленген талаптарды так сактоого чакырат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>