Жалал-Абад ОИИБге жаңы жетекчи дайындалды

Жалал-Абад ОИИБге жаңы жетекчи дайындалды

19-мартта, ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад облутук ички иштер башкармалыгына жаңы дайындалган башчысы Ашым Тагаевди өздүк курамга тааныштырды.

Маалыматка таянсак, жаңы жетекчи конкурстун жыйынтыгы менен дайындалган жана милицияда көп жылдардан бери эмгектенип тажрыйбасы мол.

Мындан сырткары, Жалал-Абад ОИИБдин жана ШИИБ жетекчилеринен кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо жана болгон кылмыштын бетин ыкчамдык менен ачуу, окуя болгон жерге жетекчилердин өздөрүнүн чыгуусун талап кылган айтылат.

Жалал-Абад облусунда 12 шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү, 1 миллион 200 миңден ашуун калк бар экендигин, милицияга келип кайрылган жарандардын арыз-доосун кыска мөөнөттө чечүү зарыл экендигин белгилеп өткөн.

Сүйүн Өмүрзаков жаңы дайындалган жетекчиге ийгилик каалап, өздүк курам үчүн жакшы шарттарды түзүп, элге ак дилден кызмат кылууга чакырды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>