Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кош-Терек айылындагы сабиз сактоочу кампалардын биринен 3 эркек киши иске ууланып каза болгондугу туурасында маалымат түшкөн (аты-жөндөрү жана иске уулангандын себеби такталууда). Жерине 5 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги да алардын эмнеден улам каза болгонун тактап жатканын Reporter.kg′ге билдирди.