Site icon Reporter.kg

Видео: «Жалал-Абад» санаторийинин директорунун орун басары кармалды

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын «Жалал-Абад» санаторийинин (курорт) директорунун орун басары бейтаптардан акча талап кылып жүргөндүгү үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган мекеменин директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары А.М.С. акча алып жаткан жеринен кармалган.

«Такталгандай, кармалган А.М.С. дарыланып жаткандардан кошумча медициналык процедураларды санаториялык китепке киргизүү үчүн акча талап кылуу менен алектенип жүргөндүгү аныкталды. Иш жүзүндө ал процедуралар бекер болуп, санаторийдин медициналык процедураларынын милдеттүү прейскурантына кирген», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version