Жалал-Абад шаарында 15 кудуктун капкагын уурдаган өспүрүмдөр кармалды

Жалал-Абад шаарында 15 кудуктун капкагын уурдаган өспүрүмдөр кармалды

Жалал-Абад шаарында кудуктун капкагын уурдагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,14-марттан 15-мартка караган түнү Жалал-Абад шаарындагы 15 кудуктун капкактарын уурдап кетишкенин кабарлап, шаардык «Сууканал» ишканасы милицияга кайрылган.

Бул факты боюнча Жазык Кодексинин 200  — беренеси (Уурулук) менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Сузак районунун 21 жаштагы А.О. аттуу жана 20 жаштагы Г.А. аттуу тургуну кармалган.

Ошондой эле далил буюмдлар да табылган.

Учурда шектүүлөрдүн башка кылмышка да катыштыгы бар же жоктугу такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>