Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад шаарында акыркы согуш ардагери жерге берилди

Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Сафин Гаффан жерге берилди. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Ардагер кечээ, 25-мартта 99 жашында дүйнө салган.

Сафин Гаффан Башкыр АССРинде туулган. Советтик Армиянын катарында 1943-жылдан тарта кызмат өтөгөн. Ал Жалал-Абадга 1954-жылы көчүп келген.

Ардагер Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы, «Германияны жеңүү» жана башка медалдар менен сыйланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version