Бүгүн, 19-июнда Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисинде жайгашкан Береке базарынан ири өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жерине өрттү өчүрүүгө саат 09:28де 4 эсеп тартылды. Ошондой эле тез жардам кызматы, милиция кызматкерлери барды.
Учурда өрт өчүрүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.