Жалал-Абад: Түнкү клубдан адам уурдап кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абад: Түнкү клубдан адам уурдап кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Жалал-Абадда түнкү клубдан адам уурдап кеткен кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрга караган түнү Жалал-Абад шаарындагы түнкү клубдардын биринде бейтааныш 4 бала  25 жаштагы жигитти күч колдонуп, автоунаага салып шаардан алып чыгышкан.  Ал жерде ур-токмокко алып, көтөрүп жүргөн “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 4500 сом акчасын коркутуп тартып алышкан.

Жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылып, бул факты КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип Жалал-Абад шаарынын тургундары 1994-ж.т. А. Д.  жана 1995-ж.т. Ш.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кийин кармалган жарандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары белгилүү болгон.

6-сентябрь күнү шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыккан. 

[su_image_carousel source=»media: 40283,40282″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>