28-апрель күнү Таш-Көмүр шаардык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясы өттү. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Маалыматка караганда, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна «Жаштар», «Ынтымак» жана «Ата Журт Кыргызстан» депутаттык фракцияларынан 1 талапкер – Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович көрсөтүлдү.
Добуш берүүгө Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 30 депутаты катышты, С.Т.Кудайбердиевдин талапкерлиги үчүн бардык 30 депутат добуш берди.
Добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
10-апрелде Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өткөн. 14-апрель күнү Аксы жана Таш-Көмүр АШК Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын аныктады.
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 3 партия шайланды: 1. «Жаштар» -14 мандат, 2. «Ата-Журт Кыргызстан» — 12 мандат, 3. «Ынтымак» — 5 мандат алды.
РЕЗЮМЕ
Кудайбердиев Сагынбек Токтосунович, 1985-жылы 23-июлда туулган,
Улуту – Кыргыз.
Билими – жогорку, Кыргызстан эл аралык университети, “юриспруденция” адистиги боюнча. Жалал-Абад мамлекеттик университети, “экономика жана аудит” адистиги боюнча. КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, “мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистиги боюнча.
Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 3 баласы бар.
Эмгек жолу:
— 2019-жылдан тартып азыркы кезге чейин Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасы;
— 2018-2019-жж. – Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
— 2017-2018-жж. – Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты;
— 2015-2016-жж. – Таш-Көмүр шаарынын мэриясынын “Мендигулов” аймактык башкармалыктын төрагасы.