Site icon Reporter.kg

Жалал-Абад: Үйдөн өрт чыгып, андан бир киши көз жумду

Бүгүн,2- март күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылынында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 09:25 түшкөн.Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жерине куткаруучу эки бөлүм тартылып, аталган турак жай саат 09:45те чектөөгө алынган, өрт саат 10:57де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 33 жаштагы А.С. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.

 

Exit mobile version