Site icon Reporter.kg

Жаш кызды өлтүрүп, сөөгүн каналга ыргыткан: Ноокенде шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунда 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип 58 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-ноябрь күнү болжол менен саат 09:30да Ноокен районунун аймагынан агып өткөн сайдын ичинен 19 жаштагы кыздын киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси табылган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Ноокен райондук милициясында Кылмыш кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын бетин тез арада ачуу максатында кесипкөй кызматкерлерден турган атайын топ түзүлүп ыкчам иликтөө иштери башталган.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад облустук милициясынын жана Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондук милицияларынын кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис түрдө жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, окуяга шектүү катары буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун тургуну 58 жаштагы О.А. атттуу жаран кармалган.

Облустук милициядан билдиришкендей, шектүү, кызды зордуктоого аракет кылып, каршылык көрсөткөндө аны өлтүргөн.

«Тергөө учурунда шектүү жасаган оор кылмышы боюнча кызды Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында Жалал-Абад шаарына кетүү үчүн турган жеринен алып, Сузак районунун аймагында өлтүрүп, жансыз денени Ноокен районунун аймагындагы каналга ыргытып жибергендигин айтып берген жана окуя болгон жерди, жагдайларды жеринде көрсөтүп, ал көрсөтмөлөрү  видеожазуу менен бекитилген. Мындан сырткары кылмыш иши боюнча шектүүнүн «Тойота-Королла» үлгүсүндөгү автоунаасы далил зат катары алынып, автоунаага кароо жүргүзүү учурунда автоунаанын  арткы орундугунун оң жак тарабынан кара-кочкул түстөгү канга окшогон зат аныкталган. Ошондой эле автоунаанын алдыңкы орундугунун астынан кара-күрөң түстөгү болжолдуу салмагы 2-3 граммды түзгөн баңгизатына окшогон өзгөчө кескин жыты бар зат табылып, экспертизалык изилдөөлөр үчүн алынган», — деп айтылат маалыматта.

12-ноябрь күнү шектүү Ноокен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Буга чейин Ноокен районунда 19 жаштагы кыз киши колдуу болгонун жана бул боюнча кылмыш иши козголгонун жергиликтүү милиция маалымдаган.

Ноокенде 19 жаштагы кыз киши колдуу болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version