Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда эки жума мурун дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери токтотулду.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылында 31-март күнү 14 жаштагы М.Ф. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
“13-апрель күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында 17 куткаруучу, беш милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылган. Бирок, натыйжа болгон жок», — деп айтылат маалыматта.
ӨКМден белгилешкендей, издөө иштери баланын ата-энесинин макулдугу менен токтотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз