Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда 1,6 млрд сомго облустук администрацияга жаңы имарат курулат

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында жаңы имараттын курулушуна старт берип, капсула салды.

Ал жерге облустук администрация жана мэрия жайгашат.

Курулушка мурдагы түрмө бузулуп, анын 7,6 гектар жери бөлүнүп берилди. Абак Базар-Коргон районуна жылдырылган.

Имарат келээрки жылы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилмекчи. Каражат толугу менен мамлекеттик казынадан бөлүнүп, жалпы 1,6 млрд. сомду түзөт.

Exit mobile version