Жалал-Абадда 20 жаштагы жигитти бөлөлөрү бир нече жыл зордукташкан. Окуянын чоо-жайы

Жалал-Абадда 20 жаштагы жигитти бөлөлөрү бир нече жыл зордукташкан. Окуянын чоо-жайы

Жалал-Абад облусунда 20 жаштагы жигитти бир нече жыл бою бөлөлөрү зордуктап келишкен. Жабырлануучу аларга чара көрүүнү суранып, милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Бул тууралуу аталган облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Көрсөтүлгөндөй, 26-январда Жалал-Абад облусунун Чаткал Ички иштер бөлүмүнө 20 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган, анда анын эки тууганы 2011-жылдын жайынан 2012-жылдын кышына чейин зордуктагандыгын айткан.

Мындан тышкары, ал 2015-жылдын март айынан 2021-жылдын 15-январына чейин дагы бир тууганы тарабынан зордукталган. Буга байланыштуу арыз ээси зордуктагандарга чара көрүүнү суранды.

Бул факт катталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>