Жалал-Абадда 30 миң доллар жасалма акча менен кылмыштуу топ кармалды — сүрөттөр

Жалал-Абадда 30 миң доллар жасалма акча менен кылмыштуу топ кармалды — сүрөттөр

Жалал-Абадда жасалма акча иштеткен кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-февраль күнү кылмышка шектүү үч киши кармалган. 1986-жылы туулган Х.М., диний уюмдун мүчөсү 1982-жылы туулган К.Н., 1971-жылы туулган К.Б. 100 долларлык номиналдагы жалпы суммасы 30 000 долларды түзгөн жасалма акча менен колго түшүштү.

Такталган жасалма акча купюралары коңшу өлкөлөрдүн биринде жасалып келген. Аны Кыргызстанга  алып келип иштетип, жасалма 10 миң доллардын ордуна 4500 доллар чыныгы акчага накталай алмашышмак. Жасалма акчаны чек ара аркылуу мыйзамсыз алып өтүшкөн.

[su_image_carousel source=»media: 21149,21150,21151,21152″ crop=»none» autoplay=»4″]

Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү рейстрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иши ачылган.

Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен кармалгандар Оштогу УКМКнын тергөө изоляторуна 2 айга камакка алынды.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чарасы жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>