Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда 32 жаштагы жаран мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөгү өрттөлгөн (видео)

Жалал-Абадда 32 жаштагы жаран мыкаачылык менен өлтүрүлүп, сөөгү өрттөлгөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, быйыл 21-ноябрда эртең менен Сузактын 32 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Бул боюнча 9-декабрда анын жубайы милицияга кабар берген.

Издөө иштеринин жүрүшүндө 13-декабрда Базар-Коргон районунун Чарбай айылындагы таштанды ыргытылган жардын ылдый жагынан кездемеге оролгон белгисиз адамдын сөөгү табылган. Кароо учурунда ал өрттөлүп, денесинин 60 жерине бычак сайылып, кескиленгени аныкталган. Сөөк таанылгыс болуп күйүп кеткен.

Сөөк жолдошун издеп жаткан келинге көрсөтүлүп, ал маркумдун кийимдеринен сөөк күйөөсүнүкү экенин тааныган.

Аталган факт боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштери учурунда шектүү катары 18 жаштагы Д.Х. жана 20 жаштагы М.А. аттуу эки жаран кармалган. Милиция тараткан видеодон шектүүлөрдүн бири ооруканада жатканын көрүүгө болот.

Тергөөдө аныкталгандай, шектүүлөр менен маркумдун ортосунда акча боюнча пикир келишпестиги болгон.

Милиция бул ишке дагы бир адамдын катыштыгы бар экенин билдирди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version