Жалал-Абадда заманбап аэропорт куруларын «Кыргызстан аэропорттору» билдирди.
Анда 381 гектарга аянты 10 миң чарчы метр болгон эки кабаттуу жүргүнчүлөр терминалы салынат. Ал ишке кирсе, саатына 350 жүргүнчү тейленет.
“Аэродромдун инфраструктурасы эл аралык стандарттарга жооп берет”,-деп айтылат маалыматта.