Жалал-Абадда 5 дүкөндү тоноого шектелип Чүйдүн тургуну кармалды — сүрөт

Жалал-Абадда 5 дүкөндү тоноого шектелип Чүйдүн тургуну кармалды — сүрөт

Жалал-Абадда 5 дүкөндү тоноого шектелип Чүйдүн тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, октябрь жана ноябрь айларында Сузак жана Жалал-Абад шаарындагы 5 дүкөндүн ээлери соода жайын карактап кетишкенин айтып, милицияга арыз менен кайрылган. 

Бул фактылар Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 27 жаштагы О.Н. аттуу тургуну кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 11-октябрдан 4-ноябрга чейинки Жалал-Абад шаарындагы «Корзинка», «Баяман», «Үй-бүлөлүк»  кичи маркеттерин жана «Чолпон», «Шириндик» аттуу дүкөндөрдү түнкүсүн  тоноп жүргөндүгү белгилүү болгон.

Ал алдын ала даярданып, атайын арматура алып, беткап тагынып, дүкөндөрдөн акча, чылым ж.б. нерселерди уурдап жүргөн.

Шектүү кылмыштарды моюнуна алып, дүкөндөргө кантип киргендигин жана эмнелерди алгандыгын айтып берген.

Учурда айыпталуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилипсотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. 

[su_image_carousel source=»media: 51916,51917,51918,51919,51920″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>