Жалал-Абад шаарында 5 миң 200 орунга ылайыкташкан заманбап «Арена» спорт сарайы салынат. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев имараттын курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Маалыматка ылайык, жаңы спорт сарай мурдагы “Айти” базардын ордуна салынууда. Ал көп функционалдуу болуп, эл аралык турнирлерди өткөрүүгө, машыгууга бардык шарттар түзүлөт.
Имарат үч бөлүктөн туруп, чоң спорттук аянтча, олимпиадалык стандарттагы бассейини болот. Имараттын сыртына кошумча 200 орунду унаа токтотуучу жайы курулат.