Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда 57 млн долларга соода-логистикалык комплекс курулат

Жалал-Абадда мурдагы Телтору ипподромунун аймагына жаңы соода-логистикалык комплекс куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюлду. Жалпы инвестициянын көлөмү 57 миллион долларды түзөт.

Жеке өнөктөш «МСК групп» компаниясы болуп саналат, ал комплексти каржылоону, курууну жана андан ары эксплуатациялоону өзүнө алат.

Жаңы комплекс шаардын борборундагы мурдагы ипподромдун аянты менен 20 гектардан ашкан аянтты ээлейт. Долбоор соода-логистикалык объектилерди курууну, ошондой эле шаар тургундары үчүн заманбап инфраструктураны түзүүнү карайт.

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун айтымында, бул долбоор шаарга экономикалык жана социалдык пайда алып келип, жаңы жумуш орундарын түзүп, шаарды заманбап жана жашоого ыңгайлуу кылат.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компаниянын жетекчиси жана негиздөөчүлөрүнүн бири Нурбек Исмаилов. Андан тышкары негиздөөчүлөрдүн арасында Арзибек Таштанов, Акылбек Кубатбеков жана Руслан Ыманкулов бар.

Exit mobile version