Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда 6 жашар баланын сөөгү изделүүдө

Жалал-Абад облусунда 6 жашар бала сууаг чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагындагы Чаткал дарыясына 6 жашар Ж.А. аттуу бала түшүп кеткен. Бала бир тууган байкеси менен отун алуу үчүн барган.

Саат 11:20лар чамасында жерине ӨКМден 12 кутаруучу, ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, издөө иштери уланууда.

Exit mobile version