Site icon Reporter.kg

Жалал-Абадда 61 млн сомго кинотеатр салынат

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда кинотеатр курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлететтик сатып алуулар порталында айтылат.

Кинотеатрды курууга 61 млн сом каралган. Ал “Нооруз” сейил багынын аймагында салынат.

Тендер боюнча арыздар 2-апреле чейин кабыл алынат. Тендерди уткан компания курулуш иштерин 31-октябрга чейин бүткөрүшү керек.

Exit mobile version