Сузак районунда 7-класстын окуучусу асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-майда саат 10:00 чамасында Сузак районунун 2007-жылы туулган тургуну 7-класстын окуучусу (эркек бала) үйүнүн чатырындагы устунга пресс жип менен өзүн-өзү асып алып каза болгон.
Бул факты “Өзүн-өзү асып өлтүрүү” болуп катталып, текшерүү иштери башталган. Баланын денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинин башка жеринде жарааты жок экендиги аныкталган.
Бул окуя боюнча баланын атасы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.