Жалал-Абадда айрым көчөлөрдүн аты өзгөрдү. Алардын арасында Ташиев деген ысым жок

Жалал-Абадда айрым көчөлөрдүн аты өзгөрдү. Алардын арасында Ташиев деген ысым жок

Бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясы өтүп, аты жок көчөлөргө ысым ыйгаруу, көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү маселеси каралды. Бул тууралуу калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 12 көчөнүн аталышын өзгөртүү жана жаңы ысым ыйгаруу сунушталган. Анын ичиндеги Пушкин жана Чехов көчөлөрүнүн аталышы өзгөртүүсүз калтыруу сунушталып, депутаттар бул сунушту бир добуштан колдошкон.

Ал эми төмөнкү көчөлөрүн аталышы өзгөргөн:

  1. Көк-Арт көчөсү Мамазакир Мадияров;.
  2. Ивасишин көчөсү Садыр Айтбаев;
  3. Миндальная көчөсү Баратали Жолотаев;
  4. Высотная көчөсү Турдали Абакиров;
  5. Базар-Коргонская көчөсү Ховар Исмаилов;
  6. Артиллерская көчөсү Каныбек Аскаров деп өзгөргөн.

Ал эми аты жок төрт көчөгө Жолдош Базарбаев, Токтосун Абдуллаев, Абасбек Канназаров, Сурмахан Чырмашовалардын ысымдары ыйгарылган.

Ошондой эле Птицефабрика кичи районунун аталышын Актилек деп өзгөртүү колдоо таап, Жалал-Абад шаарынын жеке менчик жер тилкесинин укуктук зонасын өзгөртүүгө добуш беришти.

Мындан тышкары, ар түрдүү маселелердин алкагында Кадыржан Батыровдун 5,4 гектар жер тилкесин шаар балансына өткөрүүгө макулдук берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>